Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов унаа кырсыгынан жабыр тарткан жоокерден кабар алды.
Облус башчысы жоокердин ата-энеси менен жолугуп, алардын баласына бардык тийиштүү медициналык жардамдар көрсөтүлүп жаткандыгын, муктаждык болсо дарылануусун улантуу үчүн борборго жеткирилерин айтты. Ошондой эле Ош, Бишкек шаарынан атайын чакыртылган дарыгерлер менен сүйлөшүп, бүгүнкү операциясын ийгиликтүү жасаларына ишенимин билдирди.
Учурда жоокер Лейлек райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда, абалы оор.
Эске салсак, 4-апрелде «Ак-Суу» чек ара заставасынын 2-чек ара бөлүмчөсүнүн аткычы, катардагы жоокер Данияр Нурбеков УАЗ-Пикап үлгүсүндөгү кызматтык унаада баратып, кузовунан кулап кеткен. Эс-учун жоготкон чек арачы ооруканага оор абалда түшкөн. Аскерге 2025-жылдын сентябрында чакыртылганы айтылды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram



