7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Лейлекте өспүрүмдөргө нике кыйып жүргөн молдо кармалды

682

Лейлекте жашы жете электерге нике кыйып жүргөн молдо аныкталды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Лейлек районунун аймагындагы диний ырым-жырымдарды колдонууда мыйзамда көрсөтүлгөн жоопкерчиликтерди сактабай, жашы жете электерге нике кыйып жүргөн молдо аныкталды.

Бул факты боюнча сотко чейин өндүрүш иши башталган. Текшерүү иштеринде Лейлек районунун мечиттеринин биринин имам хатиби 63 жаштагы жаран октябрь айында жашы жете элек өспүрүмгө нике кыйган. Ошондой эле, район аймагында жыл ичинде башка молдолор тарабынан да жашы 18ге толо элек өспүрүмдөргө нике кыйган 2 факты аныкталды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

683