7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Лейлектик белгилүү агартуучу, коомдук ишмер Бактыгүл Ниматова дүйнө салды

209

Бүгүн, 6-февралда Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна эмгек сиңирген кызматкер, Президенттин Ардак грамотасынын ээси, Лейлек районунун ардактуу атуулу Ниматова Бактыгүл Ниматовна 75 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Бактыгүл Ниматовна 1951-жылы 14-октябрда Лейлек районунун Исфана айылында туулган. Жогорку билимдүү, Фрунзе шаарындагы Маяковский атындагы кыз-келиндер институтунун орус тили жана адабияты факултетин аяктаган.

Эмгек жолун Лейлек районундагы Гагарин атындагы орто мектебинде орус тили жана адабияты мугалими катары баштап, райондук билим берүү бөлүмүндө усулчу, Эл депутаттарынын Лейлек райондук аткаруу комитетинин жооптуу катчысы жана көптөгөн жыл Лейлек райондук социалдык фондунун төрайымы  катары иштеп, ардактуу эс алууга чыккан. Үч уулдун апасы, 11 неберенин ардактуу чоң энеси.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Лейлек районунун Раззаков шаарында өтөт.

Бактыгүл айымдын үй-бүлөсүнө жана туугандарына биз да терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

 

 

 

210