7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Лифт жабдууларын өндүрүү боюнча алгачкы ата мекендик ишкана ачылды

613

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусунун Ленинское айылындагы лифт жабдууларын жана жүк көтөрүүчү механизмдерди өндүрүү боюнча алгачкы ата мекендик ишкананын ачылышына катышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер кабинетинин башчысы өлкөдө жаңы өнөр жай ишканалары, анын катарында лифт өндүрүүчү ишканалар пайда болуп жатканын угуп, кубангандыгын билдирди.

«Кечээ автобус өндүрүү боюнча «Белес» заводу ачылды, бүгүн биз республикадагы лифт өндүрүү боюнча ишкананын ачылышында турабыз. Бул жакшы жаңылык, анткени ар кандай өндүрүштүн ачылышы мультипликативдик натыйжа берет. Мунун өзү – жаңы жумуш орундары жана республикалык бюджетке чегерүүлөр, жалпы эле аймактын өнүгүүсү. Биз өнөр жай тармагын өнүктүрүшүбүз керек жана өндүрүлгөн продукция чет элдик аналогдордон дээрлик кем калбаган ата мекендик өндүрүштү колдошубуз керек»,- деди Акылбек Жапаров.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

614