Бүгүн, 27-февралда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жамгыр, ал эми бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Бул тууралуу синоптиктер билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы төмөндөгүдөй болот:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн −3… +2, күндүз +1… +6;
Талас жергесинде түнкүсүн −4… +1, күндүз +1… +6;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +3… +8, күндүз +8… +13;
Нарын аймагында түнкүсүн −6… −11, күндүз −6.. −11;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0… −5, күндүз +2… +7;
Бишкек шаарында түнкүсүн −1… +1, күндүз +8… +10 градус.



