Бир суткада өлкө аймагында 27 өрт кырсыгы катталды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:
- Бишкек шаарында – 4;
- Ош шаарында – 1;
- Чүй облусунда – 8;
- Ош облусунда – 5;
- Талас облусунда – 1;
- Баткен облусунда – 1;
- Жалал-Абад облусунда – 4;
- Ысык-Көл облусунда – 3.
Тилсиз жоону өчүрүүгө 33 күжүрмөн эсеп тартылган. Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болду.



