7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкө аймагында жалпы салмагы 187 тонна 675 кг кара куурай жок кылынды

600

Үстүбүздөгү жылдын июль жана август айларында “Кара куурай” аталыштагы операциянын жүрүшүндө өлкө аймагында жалпы салмагы 187 тонна 675 кг кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Билдирүүдө маалымдалгандай, 3 миң 213 адамдан турган 220 бригада түзүлүп, 3 миң 23 гектар жер изилденген. Анын ичинен 250,7 гектарда өсүүчү кара куурай орулуп, өрттөө жолу менен жок кылынды.

Аталган операцияны өткөрүү учурунда ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан 93 кылмыштын бети ачылса, 21 баңгизатына байланышкан кылмыш аныкталган.

Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 244 кг 857 гр баңгизат жана прекурсорлор алынган. Анын ичинен: гашиш — 10 кг 109 гр, психотропттук заттар — 7 гр, марихуана — 231 кг

623 гр, кара куурай — 2 кг 171 гр, туз кислотасы — 596 гр, күкүрт кислотасы — 351 гр.

Ошондой эле операциянын алкагында мыйзамсыз жүгүртүүдөн 10 бирдик ок атуучу курал жана 62 даана ок-дары алынды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

601