7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкө башчы: «Кумтөрдөн быйыл 678 млн доллар таза киреше көрдүк»

17

Кумтөр алтын кенинен быйылкы жылы 678 млн доллар таза киреше көрдүк. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан IV Элдик курултайда билдирди.

Анын айтымында, акыркы үч жылда алып карасак, Кумтөрдөн 2 млрд доллар таза киреше түшкөн.

“Кумтөр кенин мамлекетке алганыбыздан бери көргөн пайдабыз тууралуу дайыма кеңири сөз болуп келе жатат. 2020-жылга чейин 1 млн доллар бербеген “Кыргызалтын” быйылкы жылда 200 млн доллар киреше тапты. Мурда жылына мамлекеттен 300 млн сомго чейин дотация алып отурган “Макмал” алтын кени тескерисинче быйыл 670 млн сом таза кирешеге чыкты. “Кыргызалтындын” былтыр жаңы ачылган алтын дүкөнү 1 жылда 735 млн сом таза кирешеге жетишти.

2021-жылга чейин дайыма чыгашага иштеп, мамлекеттик бюджеттин моюнуна минип, дотацияда отурган “Кыргызстан аба жолдору”, “Кыргыз темир жолу” сыяктуу көптөгөн тармактар кирешеге иштей башташты”,- деди Жапаров.

Ошондой эле каражаттар кайдан түшүүдө деп көптөр кызыккан суроолордун жообу ушунда экенин, ушул тармактардан каражаттар түшүп жатканын президент кошумчалады.

18