7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкө башчы Садыр Жапаров Москвага 24-февралда учат

293

Президент Садыр Жапаров Москвага 24-февралда эртең менен учат. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тийиштүү өкмөт мүчөлөрү эртерээк учуп кетишет.

Буга чейин президент Садыр Жапаров 24-25-февралда мамлекет башчы катары алгачкы чет элдик сапары менен Орусияга барары белгилүү болгон. Ал иш сапардын алкагында Орусиянын президенти Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын бир катар актуалдуу маселелерин, ошондой эле стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү жана өз ара натыйжалуу аракеттенүү жолдорун талкуулашат.

Ошондой эле иш сапардын жүрүшүндө Мамлекет башчысынын Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко жана Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен эки тараптуу жолугушуулары пландаштырылган.

Мындан тышкары, Орусия ишкерлер чөйрөсү менен баарлашуусу, ошондой эле мекендештер жана Орусияда окуган кыргызстандык студенттер менен жолугушуусу өтөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

294