7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкөдө бүгүн жаңы 27 өндүрүштүк ишкана, 67 социалдык мекеме ишин баштады

169

Бүгүн, 25-декабрда, президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда өтүп жаткан IV Элдик Курултайдын жүрүшүндө өлкө боюнча бир катар өнөр жай жана социалдык объектилер онлайн режиминде ачылды.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргызстан боюнча бир эле учурда 27 ишкана ачылып жатканын белгиледи.

Анын ичинде логистикалык борбор, сүттү кайра иштетүү цехи жана асфальт-бетон заводдору бар.

Мындан тышкары, бала бакчалардын, мектептердин, ооруканалардын жана спорт залдарынын ачылышы болду. Бардыгы 67 объект.

Ошондой эле Баткен облусунда алыскы Зардалы айылына алып барган Сары-Талаа — Кызыл-Таш — Зардалы унаа жолунун курулушу аяктады.

Жолдун жалпы узундугу 17,5 км. Узундугу 7,5 чакырым болгон тилкеде жолду кеңейтүү иштери аткарылып, жардыруу иштери жүргүзүлүп, жаңы жол курулду. Мындан тышкары, узундугу 30 метр болгон көпүрө салынды.

170