7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкөдө бир жумада 400гө жакын мас айдоочу кармалды

448

Бир жуманын ичинде өлкөнүн аймагында 383 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан (ЖКККББ) билдиришти.

Маалыматка караганда, 18-декабрдан 24-декабрга чейинки аралыкта өлкө аймагында 16 миң 280 жол эрежесин бузуу фактысы катталган. Анын ичинде рулга тиешелүү документи жок отурган 335 факты катталган.

Андан тышкары:

  • автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 64;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 1 миң 61;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 2 мин 342;
  • автоээнбаштык — 4;
  • ылдамдыктан ашырып айдоо — 3 миң 530;
  • жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу — 3;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 8 миң 558.

Ал эми ар кандай жол эрежесин бузган 1 миң 99 автоунаа айып короосуна киргизилген.

 

449