7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкөдөгү абанын сапатын жакшыртуу үчүн 50 млн доллар насыя алуу пландалууда

601

2022-жылга Жаратылыш ресурстары экология жана техникалык көзөмөл министрлигине бюджеттик каражаттарды кошкондо 856,3 млн сом өлчөмүндө каражат каралган. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бюджеттик каражаттар 628,5 миллион сом, атайын эсептин каражаттары 227,8 миллион сом. Бюджеттик каражаттын 628,5 млн сомунун бүгүнкү күндө 72%ы бөлүнгөн, калганы ушул жылдын декабрь айынын аягына чейин каржыланат.

Жалпысынан 2022-жылга КРнын Жаратылыш ресурстары экология жана техникалык көзөмөл министрлигине 856,3 миллион сом (бюджеттик жана атайын эсептин каражаттары), ошондой эле Жаратылышты өнүктүрүү фондуна 3,7 миллион АКШ доллары (301,3 млн. сом) өлчөмүндө каражат каралган. Муну менен катар 2022-жылга жана өткөн жылдардагы өздөштүрүлбөгөн каражаттардын калдыктары бар.

“Кыргызстандагы абанын сапатына жана Бишкек шаарындагы турак жайларды жылытуу жана жашылдандыруу боюнча экологиялык таза чечимдерди илгерилетүү боюнча потенциалын чыңдоо үчүн учурда Дүйнөлүк Банк менен Сапатты жакшыртуу долбооруна 50,0 миллион АКШ доллары өлчөмүндө кредит алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.”,-деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

602