7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкөдө кенже тейлөөчү кызматкерлердин айлыгы 80 пайызга көбөйтүлөт

194

2026-жылдын 1-апрелинен тарта мамлекеттик мекемелерде иштеген техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкерлердин айлык маянасы 80 пайызга көбөйтүлөт. Бул тууралуу Садыр Жапаров бүгүн IV Элдик курултайда айтты.

Белгилей кетсек, буга чейин министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик жана жергиликтүү органдардын техникалык жана кенже тейлөө кызматчыларынын айлыгы 50 пайызга чейин жогорулай турганын айткан.

Президент 1-апрелден тарта аталган кызматкерлердин көбөйтүлүүчү эмгек акысына кошумча бир ставкага, 5 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм караларын белгиледи. Тактап айтканда, маяна орточо 80 пайызга көбөйөт.

 

195