7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкөдө кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул 100%га жогорулады

563

Кыргызстанда 2024-жылдын 1-январынан тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулдун өлчөмү 100%га жогорулады. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кабарлады.

КР мыйзамдарына ылайык, иштеген аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул алгачкы он иш күнү үчүн эмгек акынын (кирешенин) 100% өлчөмүндө иш берүүчүлөр тарабынан, ал эми 11-иш күнүнөн баштап – айына 10 эсептик көрсөткүч (1000 сом) эсебинде республикалык бюджеттен аныкталат.

2024-жылдын 1-январынан тартып кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулдун өлчөмүн 11-жумуш күнүнөн тартып 10 эсептик көрсөткүчтөн 20 эсептик көрсөткүчкө чейин жогорулатуусу каралган. Башкача айтканда, жөлөк пулдун өлчөмү 100%га жогорулады (1000 сомдон 2000 сомго чейин).

Жогорулатууга чейин жөлөк пулдун орточо өлчөмү 3 600 сомду түзсө, 2024-жылдын 1-январынан тартып 7 500 сомду түзөт.

Ал эми бийик тоолуу шарттарда жана жетүүгө кыйын алыскы зоналарда иштеген аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулду төлөө толук эмгек акынын өлчөмүндө, башкача айтканда, бардык иш күндөрү үчүн эмгек акынын 100% өлчөмүндө жүргүзүлөт.

564