Министрлер кабинети “Кыргыз спутник” ачык акционердик коомун түзүү тууралуу токтом кабыл алды.
Жаңы мамлекеттик компания космостук технологияларды колдонуу аркылуу жаратылыш ресурстарын башкарууну жакшыртып, экономиканы өнүктүрүүгө багытталат. Долбоор жерди пайдалануу, экологиялык мониторинг, климаттык өзгөрүүлөрдү талдоо, пайдалуу кендерди чалгындоо жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча так маалымат берүүнү көздөйт.
Компаниянын негиздөөчүсү — Айыл чарба министрлиги, ал эми инфраструктурасы Каракол шаарында жайгашат.
Бул демилге Кыргызстанда космостук технологияларды өнүктүрүп, технологиялык көз карандысыздыкты күчөтүүгө жана спутниктик маалыматтарды ар түрдүү тармактарда кеңири колдонууга шарт түзөт.



