7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкөдө суунун үстүндө калкып туруучу алгачкы күн электр станциясы курулду

804

Калкып туруучу күн электр станциясы ишке киргизүүгө дайын. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

“Чакан ГЭС” ААК карамагындагы ГЭС-5тин суткалык жөнгө салуу бассейнинде Азия өнүктүрүү банкы тарабынан берилген гранттык каражаттардын эсебинен калкып туруучу күн электр станциясын куруу пилоттук долбоорун соңуна чыгарууда.

Бүгүнкү күндө долбоор боюнча негизги жана комплектөөчү жабдууларды чогултуу жүргүзүлдү: станциянын 95 кВт кубаттуулуктагы калкып туруучу жана 5 кВ – жер үстүндөгү бөлүктөрү жумушчу долбоордо аныкталган пункттарга орнотулган. Мындан тышкары, адистер трансформатордук көмөкчордонго туташтыруучу калкан орнотуп, күч кабелдерин тартышты.

Эске салсак, “Чакан ГЭС” ААК Кыргызстанда биринчилерден болуп калкып туруучу күн электр станциясынын пилоттук долбоорун ишке ашырып жатат.

805