7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкөдө жолдор ачык, унаа кыймылына чектөө жок

505

Бүгүн өлкөнүн бир катар аймактарында кар жаап, күн бүркөк. Ага карабастан, жолдор ачык, унаа кыймылына чектөө жок. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Тараз –Талас – Суусамыр унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда кар жаап жатат. Кечээ кечки саат 20:00дө Бишкек – Ош унаа жолундагы Арал постунда оор жүк ташуучу унааларга коюлган убактылуу чектөө алынды. Ал эми Башкек – Нарын – Торугарт жолундагы ашууларда күн ачык, жолдо каттам бар.

Жол тейлөө ишканалары тарабынан жолду кардан тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө.

Министрлик тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, жанына чынжырча алып жүрүүгө чакырат.

506