7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкөгө бажы төлөмүсүз 70 миң тонна кумшекер ташылып келет

874

Өлкөгө 70 миң тонна кумшекер бажы төлөмүсүз ташылып келет. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2-декабрда Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинде № 140 «Ак кантка жана чийки камыш кантына карата Бажы бирлигинин комиссиясынын айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» чечими кабыл алынган.

Бул чечимге карата КРнын аймагына 70 миң тонна өлчөмүндө ак кантты жана чийки кантты бажы төлөмүсүз ташып келүү каралган.

«Азык-түлүк коопсуздугу боюнча чаралар жөнүндө» министрлер кабинетинин токтомунун долбоору иштелип чыгып, анда министрлер кабинети 12-июлдагы № 71 токтомуна туруктуу мүнөздөгү ак жана чийки кантты КРнын аймагына салымсыз ташып келүү көлөмүн бөлүштүрүү эрежелерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын январь айынын аягынан тарта ак кантты жана чийки кантты алымсыз ташып келүү көлөмү арыз ээлери арасында бөлүштүрүлөт деп болжолдонууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

875