Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарындагы 28 ишкердик багыттарына жабдуулар берилди.
Маалыматка ылайык, жергиликтүү компанияларды күчтөндүрүү үчүн ушул тармактарда иштеген 45тен ашуун ишкерлер катышуучулардын өндүрүү-сатуу топторун ийгиликтүү түзүү жана башкаруу, базардагы атаандаштыкка туруштук берүү боюнча адистештирилген окуудан өтүштү.
Тренингдерде катышуучулар айыл чарба өнүмдөрүн өндүрүү, ошондой эле күрүч малина, бал жана бадамдан азыктарды жаӊыча даярдоо боюнча, ошондой эле кол өнөрчүлүк жаатындагы усулдарды үйрөнүштү. Ишкерлер ошондой эле бизнес жүргүзүү, маркетинг, стратегиялык пландоо жана каржылоо боюнча билим алышты.
Жыйынтыгында Баткен облусундагы 13 жалпы кызыкчылык топторуна 11 энергия үнөмдөөчү кургаткыч, 7 жүн тытуучу станок, 3 вакуумдук орогуч аппарат, ошондой эле 3000 даана малина көчөт алынып берилди. Ош облусундагы ишкерлерге 4 күрүч кургаткыч, 3 жемиш туурагыч, 3 жемиш кургаткыч, Жалал-Абадга болсо 3 жүн тытуучу станок, кадамдуу тамандары бар 1 кийиз басуучу машине, 1 жүн жуугуч машине, 3 мом эриткич, 3 бал агызгыч тартууланды.
Бул демилгелер Ага Хан Фондунун “Кыргызстандын тоолуу жамааттарын өнүгүүсүн колдоо программасы” Коомдук Фонду “Аракетчил” долбоорунун алкагында ишке ашууда. Жергиликтүү ишкерлердин – жалпы кызыкчылык топторунун мүчөлөрүнүн дареметин арттыруу үчүн окутуу 2022-жылдын май айына чейин улантылат.