7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ломбард ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө көмүскөдө калбашы керек

600

Микрокредиттөө компаниялары, ломбард пункттары берген каржылык колдоолордун үстөгү бир топ эле жогору. Сүткорлуктан арылууда мындай пайыздык пайдаларды көзөмөлгө салбаса, элге эле оор болууда. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта Жогорку Кеңешке №16 — Ноокен шайлоо округунан депутат Бактыбек Сыдыков  «Парламент» радиосунда билдирди.

«Кайсы гана финансылык мекеме пайызга каражат берип жаткан соң, бул көрүнүш Улуттук банк тарабынан көзөмөлгө алынышы керек. Улуттук банктын жылдык пайыз менен алганда насыяларга белгилеген үстөгү 20%дан ашпайт. Ал эми микрокредиттөө компаниялары, ломбард пункттары берген каржылык колдоолордун үстөгү бир топ эле жогору. Сүткорлуктан арылууда мындай пайыздык пайдаларды көзөмөлгө салбаса, элге эле оор болууда», — дейт депутат.

«Ломбарддарды жабуу туура эмес. Болгону анын ишине болгон көзөмөлдүк гана керек, — деген парламентарий, күрөөгө коюлган мүлк боюнча талаш — тартыштар бир тараптуу чечилбей, соттордун кийлигишүүсү менен таразаланышы керек», — деп кошумчалады.

Андан тышкары, ломбард ачуу үчүн талап кылынган уставдык капиталдын суммасы 500 миң сом гана болсо, ал эми банк ачууга зарыл болгон каражат эсеби 600 млн. сомдон кем болбошу керектигин белгиледи.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

601