7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Лос-Анджелестеги кыргыздарга консулдук кызмат көрсөтүлөт

910

Үстүбүздөгү жылдын 5-6-февраль күндөрү Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев жана элчиликтин кызматкерлери Лос-Анджелес шаарына жумушчу иш сапары барат. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, иш сапарда мекендештер менен жолугушуулар уюштурулуп, алардын ар кандай суроолоруна жооп берет, ошондой эле консулдук тейлөө иштери жүргүзүлөт.

«Урматтуу мекендештер кайсыл бир документти алууга келээрдин алдында сөзсүз түрдө элчиликтин https://mfa.gov.kg/kg/embassies/embassy?id=63 деген веб-сайтына баш багып өзүңүздөрдү кызыктырган документ боюнча толук маалымат менен алдын-ала таанышып, колуңуздарга веб-сайтта жазылган документтердин баарын топтоп алып келишиңерди эскертебиз», — деп айтылат маалыматта.

Консулдук кызмат көрсөтүү 5-6-февраль күндөрү саат 10:00дөн 18:00гө чейин өткөрүлөт, дареги – 275 W Lexington Dr, Glendale, CA 91203.

Элчилик консулдук тейлөө жана жолугушууга катышуу тууралуу +1(323) 712-2131 телефон номери аркылуу билдирип коюууну өтүнөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

911