7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Лотереяны мыйзамсыз өткөрүү фактысы аныкталды

747

Лотереяны мыйзамсыз өткөрүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, лотерияны уюштурган Кыргызстандын жараны Х.у.Н. болгон. «Баткен Күчү» лотереясын мыйзамсыз өткөрүү фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 218-беренесинин 2-бөлүгүндө (Мыйзамсыз ишкердик кылуу) каралган кылмыштын негизинде иш козголгон.

Шектүү адамдардын иштеген жана жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлүп, натыйжада 800 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаттары, банктык карталар, транспорт каражаттарын пайдаланууга ишеним каттар табылып алынган. Ошондой эле байге катары ойнотулат делген 7 автоунаа унаа токтоочу жайга коюлду.

Белгилей кетсек, ар бир турда орточо байге фонду 5 миллион сомдон 8 миллион сомго чейин болсо, ал эми ойнотулган билеттердин саны 2800 даананы түзгөн. Ошол эле учурда лотереянын уюштуруучулары автоунааларды жана башка байгелерди ойнотууда катышуучуларды алдашкан.

Тактап айтканда, лотереянын жеңүүчүлөрү катары өздөрүнө тиешеси бар адамдарды колдонуп, байгелерди уюштуруучулар өздөрүнө ыйгарып алышкан.

Учурда башка мыйзамсыз лотереялык ишмердүүлүктү уюштуруучуларга карата тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

748