7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Маданият — бул коомдун күзгүсү». Маданият өкүлдөрү сыйланды

616

27-март күнү Эл аралык театр күнүнө карата Ички иштер министрлигинин буйругу менен Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын бир катар артисттери сыйланды.

ИИМден барган өкүлдөр сыйлыкты жетекчиликтин атынан тапшырышты.

“Сиздерди Эл аралык Театр күнү чын дилибизден куттуктайбыз. Ички иштер министрлиги Кыргыз театр искусствосунда ийгиликтер жана бийиктиктер жарала беришине чын жүрөктөң тилектештигин билдирет. Эл аралык театр күнү – бардык театр ишмерлеринин кесиптик майрамы. Ар бир актёр, режиссёр, сүрөтчү, жарык берүүчү, костюмер, музыкант, директор  айтоор театр турмушуна тиешеси бар ар бир адам үчүн бул майрам маанилүү.

Театрды жараткандардын баарына ыраазычылык билдиребиз, анткени бул чыдамкайлыкты, күч-кубатты жана өзгөчө жан дүйнөсү менен берилгендикти талап кылган иш. Кыргыз театр искусствосундагы залкарларыбыз көч баштап, чыйыр салып кеткен асыл жолубузду Сиздер улантып келе жатасыздар. Акыркы мезгилдерде мыкты спектаклдер жаралып, калкыбыз театарга барып, кыргыз театр искуссутвосунун таланттарына өз ыраазычылыгын билдирип келүүдө. Улуу искусствого кызмат кылган ар бириңиздердин ишиңиздерди ийгиликтер коштосун. Керемет чыгармалар коюлуп, элибиздин руханий жактан тарбиялоого көмөк көрсөтүп, идеологиялык багытта иш алып бара бериңиздер! Кесиптик майрамыңыздар кут болуп, Сиздерге бекем ден соолук ден -соолук, чыгармачылык ийгиликтерди каалайм” -деп Ички иштер министри Улан Ниязбеков куттуктаган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

617