7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Май куюучу жайдын кампасына катылган 19 тонна помидор табылды

1869

Май куюучу жайдын кампасына катылган 19 тонна помидор табылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 27-мартында Баткен райондук сотунун санкциясы боюнча, «Шоро» май куюучу жайынын кампасы тинтүүгө алынган.

Тинтүүнүн жыйынтыгында, кампанын аймагында КР жарандары Р.С.Х. таандык «Volvo» чиркегичи менен жүк ташуучу автоунаа жана К.А.Р таандык болгон «Mercedes-Atego» автоунааларынан, коңшу өлкөнүн жарандары А.А. жана С.М. таандык контрабандалык жол менен жүктөлгөн 19 тонна помидорлор табылып алынды.

«Кармалган адамдар Баткен райондук ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда унаанын айдоочуларына карата тергөө иш-чаралары жүрүп жатат, анын жыйынтыгы боюнча алардын аракеттерине укуктук баа берилмекчи. Аталган иштин материалдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 358-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыштырдын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда бул иш боюнча фактылык жагдайларды жана бул ишке катышкан адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат», — деп берилет маалыматта.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1870