7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Майлуу-Сууда 2 килограммдан ашуун баңгизатты үйүндө сактап жүргөн шектүү кармалды

722

Майлуу-Сууда баңгизатты мыйзамсыз сактап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Майлуу-Суу шаардык ички иштер бөлүмүнө “Леха” аттуу жаран баңгизатын мыйзамсыз сактап жана колдонуп жүрөт деген маалымат келип түшкөн.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Майлуу-Суу шаарынын 1975-жылкы С.А. аттуу тургуну үйүндө баңгизатын сактап, бекитип койгондугу аныкталган.

Шектүүгө Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин (Баӊгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгында баңгизаты “марихуана” экендиги жана жалпы салмагы 2 кг 280 гр түзөөрү аныкталып, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

723