7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Майыптыгы бар адамдын сабалышы боюнча жаңы жагдайлар белгилүү болду

561

Социалдык тармактарда Баткендеги психоневрологиялык ооруканада бейтапты уруп жаткан видео талкууга түштү.

Окуя коомдо чоң резонанс жаратып, Жогорку Кеңештин депутаттары да тынчсызданып, күнөөлүү адамдарды жазалоону талап кылышууда.

Алдын ала маалыматтар боюнча, окуя майыптыгы бар адамдардын үй-интернатында болгону кабарланган.

Милиция видео 2021-жылы декабрда Кадамжай шаарындагы психоневрологиялык стационарда тартылганын аныктады. Кол көтөргөн киши 62 жашта, ал убакта санитар болуп иштечү, азыр санитарлардын бригадири.

“Б.К. күзөттө турган учурда ал жерде дарыланып жаткан 32 жаштагы оорулуу мекемеден качып кеткенин айтты. Аны кайра таап келип, коркутуп коюу максатында опузалап жүргөндүгүн билдирди”, — деди облустук милиция.

Тергөөдө мекеме кызматкерлеринин өз ара келишпестиктин айынан аталган видео быйыл 6-декабрда таратылганы белгилүү болгон. Милиция санитардын аракетине юридикалык баа берүүнү убадалады.

 

562