7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Максат Усубалиев: Кыргызстан жылдын баардык төрт мезгилинде тең туристтерди кабыл ала алат

421

Экономика жана коммерция министрлигинин Туризм департаментинин директору Максат Усубалиев: Акыркы 2-3 жылда бийлик тарабынан туризм тармагына өзгөчө көңүл бурулуп келатат, Туризмди колдоо фонду түзүлдү, анын негизги максаты – өлкөдөгү инфратүзүмдү жакшыртып, маркетингди жогорку деңгээлде уюштуруу жана башкалар. Кыргызстанда жылдын баардык төрт мезгили тең бир-бирине барабар кызыктуу жана даана өзгөчөлүктөрү бар, ошондуктан өлкөбүз туристтерди жылы бою кабыл ала алат.

Ысык-Көлдө «Үч чоку» деген туристтик кластер курулуп жатат, «Кыргыз Куршевель» деген мамлекеттик ишкана түзүлдү, Каркыра жакта дагы тоо-лыжа туризмин өнүктүрүү долбоору бар. Бишкектен алыс эмес жерде Baytik Mountain Resort деген эс алуу борбору пландалып, мастер-план даярдалып жатат, ал жерде азыр иштеп жаткан тоо-лыжа базалары бириктирилип, жаңы мейманканалар курулуп, оюн-зоок индустриясы уюштурулат жана чет жактан келген туристтер гана эмес, Бишкек тургундары дагы качан болбосун барып эс алып кетсе болот.

422