7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мал базарда сабалган 3 бир тууган. Издөөдө жүргөн шектүүлөр четинен кармалууда

940

Буга чейин Сузактын мал базарында болгон бейбаштыкка шектелген 6 жаранга издөө жарыяланган. Учурда төрт шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Милицияга Кызыл-Туу айыл аймагынын 48 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда 3-февраль күнү Сузак районунун Мундуз айылында жайгашкан мал базарда 2 бир тууганын жана өзүн, сырттан тааныш болгон Абдулла, Абдыкалык, Абдумалик, Иса жана аттары белгисиз болгон 3 шериктери менен биргелешип көптөп сабашып, көзүнө таш менен уруп койгондугун билдирген. Натыйжада алар денелеринен алган жаракаттарынан улам Жалал-Абад облустук ооруканасына жаткырылышкан. Бул кылмыш иши боюнча 4-февралда Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагынын тургуну 1994-жылы туулган Т.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайына бир айга киргизилген.

Мындан сырткары милиция тарабынан бул окуяга шектелген 6 жарандын өздүктөрү такталган. Бирок тергөөнүн жүрүшүндө алар жүргөн жерлерин жашырып, тергөөгө келбей белгисиз болуп жаткандыгына байланыштуу алрага карата издөө жарыяланган жана сырттан айыптары угузулуп, Сузак райондук соттун сырттан камакка алуу түрү тандалган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, аталган кылмыш иши боюнча айыпталып, издөөдө жүргөн 1984-жылкы С.А., 1989-жылкы С.Б. жана 1990-жылкы А.А. кармалышып, Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө амалдары улантылып жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

941