7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Маматалиев Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушууда миграция маселесине токтолду

2

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Москва шаарында Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда эмгек миграциясы тууралуу маселелерге да өзгөчө көңүл бурулду.

Россиядагы Кыргызстандын жарандары туш болуп жаткан көйгөйлөр белгиленип, өнөктөштүк мамилелерди эске алуу менен аларды чечүү багытындагы сунуштар айтылды.

Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко Марлен Маматалиевдин Россияга жасаган расмий сапары алакаларды арттырууга багытталган аракеттерди айгинелеп тургандыгын баса белгиледи.

«Биз сиздин Россия Федерациясына болгон расмий сапарыңызды жогору баалайбыз. Бул мамлекеттер жана парламенттер аралык мамилелерди чыңдоого болгон жалпы максатыбызды ишке ашырууга кошумча түрткү берет», – деди Валентина Матвиенко.

Ошондой эле ал жогорку деңгээлдеги жигердүү саясий диалог Кыргызстан менен Россиянын кызматташтыгынын оң динамикасын камсыз кылып жатканына токтолду. Атап айтканда, Владимир Путиндин Бишкек шаарына болгон сапарынын жыйынтыгында байланыштардын жаңы барагы ачылып, калыптанган стратегиялык өнөктөштүк жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн кошумчалады.

Төрага соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, мамлекет башчылары товар жүгүртүүнүн көлөмүн 5 млрд АКШ долларына жеткирүү максатын койгонун эске салды.

 

 

3