7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн адамдарды аныктоочу видеокамералар ишке кирди

585

2023-жылдын 2-июнунан тартып Кыргызстандын аймагында КМШ өлкөлөрүндө мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн адамдардын жүзүн аныктоо тутуму ишке кирди.

ИИМден билдиришкендей, иш башталгандан бери жана 12-июнга карата адамдардын жүзүн таануучу сырткы видеокөзөмөл камераларынын жардамы менен КМШ өлкөлөрүндө мамлекеттер аралык издөөгө алынган көптөгөн жарандар аныкталган.

«Мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн кылмышкерлердин маалыматтары жүзүн таануу тутумуна жүктөлдү. Россиянын укук коргоо органдары мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн 85 миңден ашык адам тууралуу маалымат берген. Сегиз күндүн ичинде КРнын ички иштер органдары КМШ өлкөлөрүндө мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн 57 адамды аныктап, жеткиришти. Алардын баары сырткы видеобайкоо камераларынын жардамы менен аныкталган. Ички иштер органдарына жеткирилген жарандар маалымат базалары менен текшерилип, каттоого алынган. Чет мамлекеттердин, анын ичинде Россиянын жана Өзбекстандын жараны болгон 4 адам кармалды. Алардын арасында адам өлтүрүүгө аракет кылуу, экстремисттик кылмыштар (УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген), бейбаштык, документтерди жасалмалоо боюнча издөөдө жүргөндөр бар»- деп берилет маалыматта.

Жеткирилгендердин басымдуу бөлүгү Кыргызстандын жарандары, учурда тактоо иштери жүрүп жатат. Алар КМШ өлкөлөрүндө ар кандай кылмыштарды жасаган, анын ичинде уурулук, алдамчылык, документтерди жасалмалоо, тоноо, опузалоо, адам уурдоо, адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы, денеге атайылап оор залал келтирүү фактылары боюнча айыпталып, мамлекеттер аралык издөөгө алынган.

Алардын айрымдары мындан 8-9 жыл мурда издөөгө алынган.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

586