7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мамлекеттик ишканалар тарабынан бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактысы аныкталды

535

“Санариптик Кыргызстан 2019-2023” долбоорлорун ишке ашыруучу мамлекеттик ишканалар тарабынан бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактылары аныктады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылы өкмөт тарабынан Санариптик өнүктүрүү министрлигинин курамына кирген “Соцсервис” мамлекеттик ишканасына социалдык тармакты жөнгө салуучу мамлекеттик органдардын маалыматтык системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү үчүн 101 миллион 900 миң сом өлчөмүндө каражат бөлүнгөн.

Бирок, КРнын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу “Соцсервис” мамлекеттик ишканасынын (азыркы Санариптик өнүктүрүү министрлиги) кызмат адамдары кылмыштуу бүтүмгө кирип, белгиленген маалыматтык системаларды иштеп чыгууга жамынып, бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз чыгарып алышкан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иштердин жүрүшүндө маалыматтык системалардын көпчүлүгү иштелип чыкпаганы, ишке кирбегени, муну менен мамлекетке миллиондогон доллар зыян келтирилгени аныкталып, санариптик трансформация боюнча стратегиялык мааниге ээ болгон “Санариптик Кыргызстан 2019-2023” мамлекеттик программасын ишке ашыруу негизсиз созулулуулары аныкталды.

Тергөөнүн негизинде 2022-жылдын 2-февралында “Соцсервис” мамлекеттик ишканасынын мурдагы директору “А.А.” кармалып, кармоочу жайына киргизилди.

Аталган кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштер жүргүзүлүп, келтирилген зыяндын так көлөмүн аныктоо үчүн текшерүүлөр жүргүзүлөт.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

536