7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мамлекеттик катчы кыргызстандыктарды “Манас” эпосунун күнү менен куттуктады

11

Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев бүгүн, 4-декабрда кыргызстандыктарды “Манас” эпосунун күнү менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу мекендештер!

Ардактуу кыргызстандыктар!

Сиздерди 4-декабрь – “Манас” эпосунун күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Биз “Манас” дегенде улутубуздун руханий өзөгүн, чыныгы атуулдук милдетти,мекенчилдикти, ошондой эле эл биримдиги менен өлкөбүздүн бүтүндүгүн түшүнөбүз.

“Өз тарыхын сыйлаган элдин келечеги бекем, өз мурасын урматтаган элдин руху түбөлүк болот” деп айтылгандай, дүйнө элинде теңдеши жок “Манас” үчилтигинде кыргыз элинин тарых-таржымалы, көөнөмаданияты, эл аралык мамилелер саясаты, басып өткөн даңазалуу жолу, жалпы адамзатка калтырган улуу мурастары түгөл камтылган.

Ооба, кыргыз элинин басып өткөн жолу кайсы бир убактарда таштарга чегилип жазылса, ошону менен катар эле оозеки аңыз түрүндө айтылып, ал ооздон оозго өтүп, улам кийинки муунга калып, кошулуп-көбөйүп олтуруп, өтө чоң көлөмдүү чыгармага айланган.

Байыртадан эле тапканын тең бөлүшкөн кыргыз эли улуу дастанын адамзаттык дөөлөт катары баалап, 1995-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун чечими менен “Манас” эпосунун 1000 жылдыгын өткөрдү.

Ага улай 2013-жылы “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үчилтиги ЮНЕСКОнун “Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын” тизмесине каттатты.

Окумуштуулардын изилдөөлөрү боюнча“Манас” эпосунда 500дөн ашуун жер-суунунаталыштары, миӊдеген адамдардын ысымдары, тамак-аштардын, курал-жарактардын, кийим-кечектердин, абаздык аспаптардын, эң негизгиси нечендеген улуттардын аттары даайтылат. Залкар жана чыгаан жомокчулар “Манасты” 28 түрдүү кыраат менен 3 ай бою тынбай айтып, түгөтө албагандыгы элибиздинэсинде бүгүнкү күнгө чейин сакталып келет. Көрсө, чоң жомокчунун эргүүсү ташкындапкелгенде, окуяны уламдан-улам шөкөттөп, башка бир жагдайларды кошуп кеңейтип кете берет тура. Мына, анын чыныгы баалуулук касиети.

Кыргыз Республикасынын президентинин 2022-жылдын 22-апрелиндеги № 126 “Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы – “Манас” эпосунун үчилтигин (“Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторун) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” жарлыгына ылайык “Манас” эпосу жөнүндө” мыйзам кабыл алынды. Аталган мыйзамда кыргыз элинин улуттук баалуулуктарынын кол тийбестиги жана мамлекет тарабынан коргоого, сактоого жана өнүктүрүүгө алынары тууралуу белгиленген.

Албетте, мына ушундай керемети төгүлгөн, накыл казынасынын ар бир ширесин кемитбей сактап, өстүрүп келе жатканы – элболгону менен, элдин ичинде касиет жалгаганөнөрдү туу тутуп, анын артынан түшүп, руханий кенч жараткандар, сейрек өнөр ээлери – манасчылар.

Туура, Жараткан мындай шыкты, жөндөмдү ар кимге эле бере бербейт. Карт тарыхтын айдыңында өчпөс изин, өлбөс атын калтырган улуу манасчылар бүгүн да биз менен жашап келе жатышат десек аша чапкан болбойбуз.

Ардактуу замандаштар!

Канчалык илим, билим, технология эң жогорку бийиктерге жетпесин “Манас” эпосу сыяктуу улуу баяндар адам сезиминен, уйгу-туйгусунан, касиет-касиретинен жана жан дүйнөсүнөн гана жаралат. 
Бул – акыйкат. Анткени эпостун көлөмүн, ага жараша көркөмдүк, тарыхый, философиялык, ыйыктык сезимдерин белгилүү гана 
адамдар – манасчылар жарата алат.

Ошондуктан манасчыларды, манастаануучуларды, улуу эпосту даңазалап жүргөн өнөр адамдарын жана жалпы элибизди “Манас” эпосунун күнү менен дагы бир жолу куттуктайм.

Ата-бабаларыбыздан мурас калган дастандарыбыз миңдеген жылдар дагы да сакталып, өнүгө берсин!

Ар бир мекендешиме бекем ден соолук, бакыт каалайм!”

12