7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мамлекеттик нотариус пара алып жаткан жеринен кармалды

563

Мамлекеттик нотариус пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Юстиция министрлигинин Контролдук-инспектордук иш башкармасы менен биргеликте мамлекеттик нотариус Ж.М.Ж тарабынан жеке баюу максатында уюштурулган мыйзамсыз кирешелерди алуу механизми аныкталып, ага бөгөт коюлду.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө ал Ж.А.А. аттуу жаран менен алдын ала бүтүмгө кирип, нотариалдык аракеттерди жасоо үчүн жарандардан кошумча маалымдама жана башка документтер суратылып, аларды аткаруу ар кандай шылтоолор менен создурулган шарттар түзүлгөн.

Аталган адамдар 29-сентябрда өздөрүнүн кылмыштуу пландарын ишке ашыруу максатында жаранга керээз боюнча мурастоо күбөлүгүн берүүнү создуктуруп, андан 10 миң сом талап кылышкан. Ошол эле күнү Ж.М.Ж. жана Ж.А.А. опузалап акча алып жаткан жеринен кармалды.

Аталган жарандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Учурда бул адамдардын кылмыштуу ишмердүүлүгүнүн башка фактыларын жана жабырлануучуларды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш- чаралары жүргүзүлүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

564