7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өттү

478

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Президент Садыр Жапаровдун мамлекеттик сыйлыктарды жана ардак наамдарды тапшыруу салтанаттуу аземи болуп өттү.

Мамлекеттик сыйлыктарды Президенттин колунан коомдук ишмерлер, маданият, билим берүү жана илим, саламаттыкты сактоо, мамлекеттик башкаруу, айыл чарба, курулуш жана башка чөйрөлөрдүн өкүлдөрү өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн алышты.

«Узап бараткан жылда бир топ ийгиликтер жаралып, олуттуу окуяларга күбө болдук. Мына ошол жетишкендиктерге, албетте, ушул жерде отурган сыйлык ээлеринин бараандуу салымы бар деп эсептейм.  “Эл ичи – өнөр кенчи” деп айтылган накыл кептегидей, эл арасынан эмне деген гана таланттуу адамдар чыкпайт. Аларды байкабай коюуга, же жараткан эмгегин баалабай коюуга мүмкүн эмес. Бүгүнкү иш-чарада олтурган жарандарыбыз, дал ошондой көптүн ичинен суурулуп, эмгеги менен элге таанылып, тигил же бул тармактын ишин алга жылдырып, мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошкон инсандар экенине эч шегим жок», — деп Мамлекет башчысы айтып өттү.

Президент Садыр Жапаров сыйлангандарды куттуктап, алар ак ниет жана жаратман эмгеги менен мамлекеттик жогорку сыйлыктарга татыктуу болгонун белгиледи.

 

 

 

479