7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу боюнча талкуу жүрүп жатат

1700

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары Медербек Сатыев Президент Жапаровдун «Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий сайтында маалымдалды. Кеңешмеде прокуратура органдарына жана айрым укук коргоо органдарына кадрларды тандоо процессин өркүндөтүү маселелери каралды.

Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын мамлекеттик бийлик органдарынын ишиндеги коррупцияны жоюу жана каралып жаткан структураларга жана кадрлар резервине кабыл алуу үчүн жүрүп жаткан сынактык тандоонун бюрократиялык жана башка административдик жол-жоболорун азайтуу боюнча сунуштары талкууланды.

Ошондой эле мамлекеттик кадр саясатын мындан ары ишке ашыруу үчүн талапкерлерге талаптарды жогорулатуу менен катар мамлекеттик кызматка жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жана кадрлардын кесиптик резервин түзүү боюнча мекемелердин өкүлдөрүнүн ой-пикирлери жана сунуштары угулду.

Жыйынга тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1701