7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мамлекеттик жана ЖӨБ органдарында аткаруучулук тартипти чыңдоо, жакшыртуу боюнча чаралар көрүлдү

415

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында аткаруучулук тартипти чыңдоо жана жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө буйрукка кол койду.

Мамлекеттик башкаруу системасынын аткаруучулук тартиби — өлкөнүн позитивдүү өнүгүүсүндө алдыга коюлган максаттарга жетүүнүн эң маанилүү куралы болуп саналат. Кабыл алынган чечимдердин сапаттуу жана өз убагында аткарылышына мамлекеттин ар тараптуу жана бат өнүгүүсү, ошондой эле өлкөнүн жарандарынын жашоо деңгээлинин жогорулашы түздөн-түз көз каранды.

Белгилей кетсек, Мамлекет башчы тарабынан мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы аткаруучулук тартипке өзгөчө көңүл бурулууда.

Заманбап чакырыктар жана мамлекеттин кызыкчылыктары мамлекеттик органдардан ыкчам жооп кайтарууну, өз ара так аракеттенүүнү, өлкө жетекчилиги кабыл алган чечимдерди сапаттуу жана өз убагында аткарууну талап кылат.

Конституцияга ылайык, Президент мамлекеттик бийликтин биримдигин, мамлекеттик органдардын координациясын жана өз ара аракеттенүүсүн камсыздайт.

Ушуга байланыштуу аткаруучулук тартиптин мындан ары жакшыртуу максатында өлкө Президентинин чечими менен мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин алдына аткаруучулук тартипти чыңдоо боюнча комплекстүү чараларды көрүү, ошондой эле жарандардын кайрылууларына ыкчам реакция жасоо милдети коюлган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

416