7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мамытов: Сот системасы мамлекетибиздин укуктук саясатын калыптандырууда өзгөчө орунду ээлейт

899

Бүгүн, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Кыргызстандын Сот системасынын кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Урматтуу соттор жана сот системасынын кызматкерлери!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Сот системасынын кызматкерлеринин  күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Сот системасы мамлекетибиздин укуктук саясатын калыптандырууда өзгөчө орунду ээлейт. Сот ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын бири акыйкаттык принциптерине таянуу менен мыйзамдарды так сактоо жана аны жетекчиликке алуу болуп саналат.

Ал эми сот бийлигинин кадыр-баркын бекемдөө үчүн анын ар бир баскычынын адилет иштөөсү  жана сот кызматкерлеринин өз милдеттерин так аткаруусу өтө маанилүү.

Дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен куттуктап, ар бириңиздерге бекем ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт-таалай жана мамлекетибиздин өнүгүүсү үчүн жасап жаткан иштериңиздерде ийгиликтерди каалайм!».

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

900