7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Манас» аэропортунда 5 миллионунчу жүргүнчү аталган Наркизага 100 миң сом берилди

698

Кечээ,29-декабрда «Манас» эл аралык аэропорту»  5 миллионунчу жүргүнчүнү тейлеп, ага 100 миң сомдук сертификат тапшырды.  Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5 миллионунчу жүргүнчү аэропорттун маалымат базасында катталып, Иркутск шаарынан «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын каттамы менен келген Абай кызы Наркиза болду.

Бул жетишкендикти белгилөө үчүн «Манас 2» аэробекеттик комплексинде иш-чара болуп өттү. 5 миллионунчу жүргүнчүнү Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров, аэропорт башкармалыгынын башкы директору Манасбек Самидинов, «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын өкүлдөрү иш-чарага катышты.

5 миллионунчу аталган Наркизага  Манасбек Самидинов  аэропорттун корпоративдик белектерин жана 100 миң сомдук сертификат тапшырса, «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын жана «МЭА» ААКнын туунду ишканаларынын өкүлдөрү да баалуу белектерин беришти.

«Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын коммерциялык директору Мээрим Садыкова 5-миллионунчу жүргүнчүгө 2 акысыз билет тапшырды. Ал эми, «Манас Менеджмент Компаниясы»  «Манас» аэропортунун VIP-залында акысыз тейленүү мүмкүнчүлүгүн белек катары тартуулады.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

699