«Кыргызстан Аэропорттору» ААК менен ОсОО «Премиум Пасс Кейджи» ортосунда Манас эл аралык аэропортунда дүйнөлүк деңгээлдеги консьерж-кызматтарды ишке киргизүү боюнча келишимге кол коюлду.
Бул кызматташтык жөн гана формалдуулук эмес, аэропорттогу жүргүнчүлөргө ыңгайлуу жана жайлуу шарт түзүүгө реалдуу кадам болуп саналат. Эми өлкөнүн тургундары жана коноктору аэропортко келгенден тартып учакка отурганга чейин бардык этаптарда жеке коштоо кызматынан пайдалана алышат.
Долбоордун максаты — аэропорттогу тейлөөнү заманбап деңгээлге чыгарып, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуулукту жогорулатуу.
«Премиум Пасс Кейджи» компаниясынын негиздөөчүсү — Ким Ынсу, ал эми Кыргызстандагы компаниянын кызыкчылыктарын директор Аскарбекова Элиза коргойт.
«Кыргызстан Аэропорттору» тараптан келишимге коммерция боюнча директор Аман Мамаев кол койгон.
Жыйынтыгында жүргүнчүлөр формалдуулуктарга азыраак убакыт коротуп, сапардын өзүнө көбүрөөк көңүл бура алышат, ал эми «Манас» аэропорту эл аралык деңгээлде дагы да жагымдуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү болот.



