7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Манас районунда 50 үй-бүлөгө азык-түлүк берилди

732

Талас облусундагы Манас районунун баш имам-хатиби Миржалал ажы Дадабаев райондогу 4 айылда кайрымдуулук иш-чарасын өткөрдү. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кайрымдуулук иш-чарасы баш имам-хатибдин демилгеси менен уюштурулуп, демөөрчүлөр тарабынан колдоого алынган. Анын алкагында аз камсыз болгон 50 үй-бүлөгө 2000 сомдук азык-түлүктөр таратылып берилди.

«Кымбатчылык мезгилде колу ачык азаматтарыбыз көп болсун. Бул үй-бүлөлөр үчүн жакшы жардам болду. Бардыгы ыраазычылыктарын билдирип, абдан сүйүнүп жатышат. Кайрымдуулук иш-чараларды улантабыз», — деди баш имам-хатиби.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

733