7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Манас шаарында тез жардамдын санарип диспетчерлик кызматы иштей баштады

138

Манас шаарында тез медициналык жардамдын санарип диспетчерлик кызматы ишке берилди. Бул тууралуу Саламаттыктык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы система чакырууларды автоматтык режимде башкарууну камсыздайт.

Чакыруулар бригадалардын арасында бөлүштүрүлүп, машиналардын кыймылы реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөнөт. Ошондой эле диспетчерлер актуалдуу маалыматтардын негизинде ыкчам чечим кабыл ала алышат.
Диспетчерлик кызмат Манас шаарын жана Сузак районун камтып, калкка тез жана координацияланган өз учундагы медициналык жардамга жетүүнү жакшыртат.

Система заманбап компьютердик жабдуулар, мобилдик түзмөктөр, үзгүлтүксүз электр камсыздоосу жана картография, аналитика менен интеграцияланган программалык камсыздоо менен жабдылган.

Диспетчерлер жана фельдшерлер санарип инструменттер менен иштөө боюнча окутуудан өтүүдө, бул чакырууларга жооп кайтаруунун эффективдүүлүгүн жогорулатууга жана бригадалардын бейтапка жетүү убактысын, анын ичинде алыскы аймактарда да, кыскартууга жардам берет.

 

139