7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Марат Иманкулов «Коопсуздук боюнча Исламабад диалогу» боюнча конференцияга катышты

737

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Пакистандын  улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Моид Юсуфтун чакыруусу менен «Коопсуздук боюнча Исламабад диалогу» конференциясынын 2-сессиясына видео байланыш форматында катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Казакстандын, Катардын, Кытайдын, Пакистандын, Сауд Аравиясынын жана Өзбекстандын коопсуздук кеңешинин катчылары катышты.

Азиядагы коопсуздук чөйрөсүндөгү кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча жемиштүү пикир алмашуу болду. Ошону менен бирге Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин учурдагы жаңы коркунуч жана чакырыктарга өз убагында жана натыйжалуу реакция кылуусу боюнча өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуунун актуалдуу багыттары талкууланды.

Марат Иманкулов белгилегендей, бир дагы өлкө өз алдынча заманбап глобалдык чакырыктарды жеңе албайт. Ал дүйнөдөгү аскердик-саясий кырдаал мамлекеттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү, бул ишке системалуу жана комплекстүү мамиле кылуу зарылдыгын түздөн-түз көрсөтүп жатканын баса белгиледи.

“Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмунун форматына катышууга өзгөчө маани берет. Биздин мамлекет ШКУнун олуттуу ыйгарым укуктары жана чоң таасир чөйрөсү бар эл аралык институт катары потенциалын мындан ары жогорулатуу боюнча бекем позицияны карманат”, — деп белгиледи Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

738