7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Марипов: Машыгууда жүрүп токмок жеген 9 жашар баланын окуясын көзөмөлгө алды

780

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Ысык-Көл облусундагы спорттук машыгууда жүрүп токмок жеген баланын окуясын көзөмөлгө алып, тыкыр териштирүүнү тапшырды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тогуз жаштагы бала Ысык-Көл облусундагы дзюдо боюнча секциянын машыгуулары учурунда сабалган. Сот-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен ден соолугуна жеңил зыян келтирилгени аныкталган.

Окуянын жагдайларын териштирип, зомбулукка жол берген тийиштүү органдарга укуктук баа берүү дагы тапшырылды.

Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбековага мындай окуяларга жол бербөө боюнча чараларды күчтөндүрүүнү сунуштады.

Эскерте кетсек, буга чейин Ысык-Көл облусундагы дзюдо секциясынын машыгуусуна барган бала сабалган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

781