7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аксыда айгүл гүлү гүлдөдү

1718

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кызыл-Жар айылында дүйнөдө сейрек кездешүүчү гүлдөрдүн катарына кирген айгүл гүлү гүлдөдү. Бул тууралуу журналист Талантбек Канатбек уулу билдирди.

«Апам өзү Баткендин кызы, Аксыга келин болуп түшкөн. Айгүл гүлүн мындан 16 жыл мурда Баткенден алып келип отургузган эле. Жети жыл бою такыр гүлдөгөн жок. Сегизинчи жылы гана гүлүн ачты. Биздин айыл башка жактарга салыштырмалуу дыйканчылыкка жайлуу, жылуу келет. Ошол себептен окшойт айгүл жыл сайын март айынын башында гүлдөйт. Баткенде болсо апрелде гана гүлүн ачат да. Апам өзү гүлдөрдү жакшы көрүп, кастарлап карайт. Бул гүлгө да өзгөчө көңүл бурат. Ишенип, ишенбей көп адамдар үйгө атайын келип көрүп кетишет. Анан саткыла деп сурагандар аябай көп. Бирок апам сатпайт. Бир гана аалым Чубак ажы Жалилов сураганынан гана ошол кишиге гана берген»,- дейт Канатбек уулу.

Айгүл гүлүнүн илимий аталышы — Эдуарддын чаар гүлү. Кыргыз жергесиндеги мекени Баткен облусу деп эсептелинет. Мындан сырткары Иран, Ирак, Гималай, Түркия жана Ооганстанда өсөт.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1719