7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Мас абалында уруша кетишкен». Чүйдө 28 жаштагы жигит киши өлтүрүүгө шектелип жатат

927

Чүй облусунун Жайыл районунда киши өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу 7-каналга Чүй ОИИБден билдиришти.

25-март күнү Жайыл РИИБге телефон чалуу болуп эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Алынган маалыматтын негизинде Жайыл РИИБдин ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге дароо чыгышкан. Териштирүү учурунда анын 1984-жылы туулган жаран экендиги такталган. Анын негизинде катталган материал кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1994-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Алдын ала маалыматтар боюнча, жогорудагы окуя мас абалында чыккан пикир келишпестиктен улам болгону аныкталган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

928