7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мас болуп унаа айдагандар, 20 миң сом айыпка жыгылат

919

Жол эрежесин одоно бузган айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштаган мыйзам долбоору Министрлер кабинетинин сайтына коомдук талкууга чыгарылды. Мыйзам Ички иштер министрлиги тарабынан жазылган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган мыйзам 2019-жылы кабыл алынган. Бул жолку мыйзам долбоордо ага бир канча оңдоолор-түзөтүүлөр киргизилген. Мыйзам долбоорунда каралган бир учурга токтоло кетсек, ичимдик ичип, нашаа чегип, же ушул сыяктуу абалда унаа айдагандар үч суткага камалып, алты ай айдоочулук укугунан ажырайт.

Ал эми ушундай эле абалдагы айдоочу атайын экспертизадан өтүүдөн качса, беш жыл айдоочулук укугунан ажыратылат. Ошол эле учурда беш суткага камалат. Эгер айдоочу мас абалында адамдын ден соолугуна залал келтирсе же материалдык чыгымга учуратса, 10 жыл айдоочулук укугунан ажырайт.

Ушундай кырсыктарды жыл ичинде кайталап жасагандар айдоочулук укуктан өмүр бою ажыратылып, унаасы мамлекеттин карамагына алынат. Бул категориядагы эреже бузуунун айып пулун 7500 сомдон 20 миң сомго көтөрүү да сунушталды.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

920