7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Машыктыруучуну атып кеткен окуяга тиешеси бар шектүү кармалды

543

Бишкекте камералардын жүздү таануучу функциясынын жардамы менен адам өлтүрүүгө, ден соолукка оор залал келтирүүгө шектелген коңшу мамлекеттин жарандары Кыргызстандан кармалды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.

2022-жылдын 25-сентябрында Жамбыл облусунун Шу районунун ооруканасына ок жеген 23, 25 жана 26 жаштагы балдар түшкөн. Алардын бирөө реанимациядан үзүлгөн. Факт боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси менен иш козголгон.

Кылмышка шектүүлөр кармалып, бирок 2000-жылкы Ш.М. качып кеткен. 21-августта аны Бишкектеги видеокамералар аныктаган. Шектүү соода борборлордун биринен колго түшкөн. Бирок аны медициналык күбөлөндүрүүгө алып келишкенде качып кеткен. Аны кайра 29-августта Туңгуч кичи районунан ижарага алынган батирден кармашкан.

ИИМ борбор калаадан дагы эки казакстандыктын кармалганын кабарлады. Алардын бири Астанадагы кафелердин бириндеги массалык мушташтан бери качып жүргөн. Ал жаңжалда адам өмүрү кыйылган. Экинчиси Алматыда фитнес машыктыруучуну атып кеткен окуяга тиешеси бар деп шектелүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

544