7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Матубраимов: Кыргыз-тажик чек арасынын чечилиши эки элдин тең утушу болду

270

Кыргыз-тажик чек арасынын чечилиши эки элдин тең утушу болду. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын кеңешинин төрагасы Алмамбет Матубраимов билдирди.

Анын айтымында, чек ара маселеси эч качан бир тараптын кызыкчылыгына чечилбейт. Сөзсүз түрдө бир жеринен жеңилүү, бир жеринен утуш болот. Маселе туруктуу чечилмейин, эки өлкөнүн чыры улана берет.

“Эгерде бардык жактан каршы келе берсек анда чек араны тактап, чечүүгө мүмкүн болбойт. Бул эки өлкө башчынын эле эмес, кыргыз-тажик элинин дагы жеңиши. Чек аранын чечилиши менен эки мамлекеттин ортосундагы саясий-экономикалык, социалдык, дипломатиялык маселелердин чечилишине жол ачылат. Маселени жолго коюу эки элдин карым-катнашы, соода-сатыгы жана коопсуздугу үчүн керек эле. Муну менен катар бул эки мамлекеттин коопсуздугу, тынчтыгы жана келечеги үчүн жакшы саамалык. Биздин эң жакшы жетишкендигибиз жана ийгилигибиз десем жаңылбайм. Маселенин чечилишине тарых өзү баа берет”, — деди ал.

271