7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Медербек Алиев «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин ишин жогору баалады

151

Жогорку Кенештин биринчи вице-спикери Медербек Алиев «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин ишинин натыйжалуулугуна токтолуп, заманбап санариптик кызматтардын маанилүүлүгүн белгиледи.

«Мен 18-25 жаштагы жаш, мыкты IT адистерди ыңгайлуу шарттарда иштеп, жогорку айлык маяна менен азыркы кылымда өлкө үчүн атаандаштыкка жөндөмдүү санариптик чечимдерди түзүп жатканын көрдүм», — деди ал.

Ал паспортторду, айдоочулук күбөлүктөрдү жана башка документтерди онлайн түрдө даярдоочу кызматтарга өзгөчө көңүл бурду. «Эми КТБда кезек күтүүгө зарылчылык жок, ошондой эле кагазды колдонууну азайтуу менен мамлекеттик каражат үнөмдөлүүдө»,- деди биринчи вице-спикер.

«Кызмат» мамлекеттик мекемеси инновацияларды киргизүүнү улантып, жарандардын ыңгайлуулугун жана мамлекеттик кызматтардын ачык-айкындуулугун жогорулатууга умтулууда.

Эске салсак, Президенттин тапшырмасы менен 2024-жылы “Кызмат” мамлекеттик мекемеси түзүлүп, Президенттин Иш башкармасына өткөрүлгөн. Өткөрүлгөн күндөн тарта Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин жетекчилиги астында санариптештирүү багытында тынымсыз иштер жүргүзүлүп, алгылыктуу көрсөткүчтөргө жетүүдө.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

152