7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Медицина кызматкерлери толтурчу кагаз-документтердин саны кыскартылат

903

Медицина тармагындагы реформага ылайык кызматкерлер толтурчу иш кагаздарын азайтуу аракеттери башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Бакыт Жангазиев билдирди.

Маалыматка ылайык, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобундагы бейтаптарды каттоо жана отчёттуулук иштерин онлайн форматка өткөрүү аракеттери жүрүүдө. Мында каттоо эрежелери да жөнөкөйлөштүрүлөт. Аталган маселе саламаттыкты сактоо жана санариптештирүү боюнча жумушчу топтун кеңешмесинде каралды.

Жыйында дарыгерлердин убактысы бухгалтердик кагаздарды толтурууга эмес бейтаптарды дарылоого коротулушу керектиги белгиленди.

«Бүгүнкү күндө медициналык мекемелердин дарыгерлери жана медайымдары бейтаптарга берилген 26 түрдөгү журналды, 45 түрдөгү отчеттуулук бланктарды жана 100гө жакын түрдөгү каттоо бланктарын толтурууга аргасыз. Мында кайталанган же актуалдуугу аз кагаздар кыскартылышы керек», — деп белгиледи Министрдин орун басары Жангазиев.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

904